# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссия жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссия жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 670
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159641>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21885/edition/1234812/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159641.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссия жөнүндө" токтому (07.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159641

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-декабры № 670 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссия жөнүндө "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-апрелиндеги № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссия жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 8-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиянын маселелери жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 20-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме 2

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссиянын курамы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын улук офицери, комиссиянын катчысы. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары; Бишкек, Ош шаарларынын вице-мэрлери (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун вице-президенти (макулдашуу боюнча); "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
