# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 576
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159624>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21870/edition/1205434/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159624.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (18.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159624

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 18-октябры № 576 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пункттун төртүнчү абзацында "балдар социалдык мекемелерине" деген сөздөр "интернат тибиндеги балдар мекемелерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктта "балдар социалдык мекемелерин" деген сөздөр "интернат тибиндеги балдар мекемелерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7-пунктта "Коомдук" деген сөз "Улуттук" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 8-пунктта "Социалдык өнүгүү" деген сөздөр "Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул токтомдун аткарылышы жөнүндө жалпыланган маалыматты жыл сайын 16-июлга чейинки, 16-ноябрга чейинки жана 16-январга чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.";

- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
