# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 579
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159621>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21867/edition/1198576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159621.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (19.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159621

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 19-октябры № 579 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 4 "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгына, "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкаларында:

- таблица төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

"

13

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин "Мекен-карт" документин берүү

40

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
