# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 621 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 621 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 621
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159619>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/159619/edition/1198356/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159619.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 621 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун түзүү жөнүндө" токтому (08.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159619

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 14-ноябры № 621 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун түзүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 556 , 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Жашыл энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун штаттык саны кенже тейлөөчү персоналды эске алуу менен 12 штаттык бирдик санда белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)

4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды ишке ашырууга "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында финансылык каражаттарды карасын.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай издеп тапсын жана анын ишин техникалык, коммуникациялык тейлөөнү камсыз кылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 22-ноябрындагы N 103 жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |  | А.Жапаров |
| --- | --- | --- |
|  |  | 2-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун башкаруу СХЕМАСЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)

|  |  | 3-тиркеме |
| --- | --- | --- |
|  |  |  |
|  |  | 271-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери

| № | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
| --- | --- | --- |
| 1 | Директор | 4,05 |
| 2 | Эксперт | 3,52 |
| 3 | Бухгалтер-кассир | 3,10 |

".
