Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун түзүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 14-ноябры № 621 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 556 , 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жашыл энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун штаттык саны кенже тейлөөчү персоналды эске алуу менен 12 штаттык бирдик санда белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды ишке ашырууга "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында финансылык каражаттарды карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай издеп тапсын жана анын ишин техникалык, коммуникациялык тейлөөнү камсыз кылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 22-ноябрындагы N 103 жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.Жапаров | |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун башкаруу СХЕМАСЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
| 3-тиркеме | ||
| 271-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
| № | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
| 1 | Директор | 4,05 |
| 2 | Эксперт | 3,52 |
| 3 | Бухгалтер-кассир | 3,10 |
".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде…Постановление · 08.09.2026 · № 604
- 2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү Программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 544 токтомуна…Программа · 01.09.2025 · № 544
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдынПоложение · 14.11.2022 · № 621
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун ишинин айрым…Постановление · 22.09.2023 · № 498
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралы № 70 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке…Постановление · 14.02.2025 · № 70
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун иши чөйрөсүндөгү…Постановление · 12.09.2024 · № 556
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз…Постановление · 01.08.2022 · № 434 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 12.09.24-ж. №556 токтомуПостановление · 12.09.2024 · № 556
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде…Постановление · 08.09.2026 · № 604
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1