# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 536 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 536 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 536
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159618>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21865/edition/1230626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159618.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 536 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (02.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159618

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 27-сентябры № 536 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик үч айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарда:

- 5-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыктымалдуу коркунучтардын бардык түрлөрүн жана типтерин, ошондой эле жеке маалыматтардын маалымат тутумдарындагы коопсуздук коркунучтарын аныктоонун методикасын (мындан ары - Коркунучтарды аныктоо методикасы) жана коркунучтардын түрлөрүнүн тизмегинин формасын камтыган Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда жеке маалыматтардын коопсуздугуна коркунучтардын типтүү тизмегин (мындан ары - Типтүү тизмек) иштеп чыгат жана бекитет;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
