# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баа түзүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баа түзүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 530
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159605>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21858/edition/1197392/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159605.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баа түзүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (04.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159605

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 27-сентябры № 530 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баа түзүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4 -августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)

"Атаандаштык жөнүндө", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-августундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо: 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "21. Табигый монополиялардын субъекттери болуп саналган мамлекеттик ишканалар тарабынан өндүрүлүүчү (көрсөтүлүүчү) товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) баалар (тарифтер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтому менен бекитилген Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык белгиленет, калган товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) баалар (тарифтер) Кыргыз Республикасынын бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин регламенттөөчү мыйзамдарында каралган тартипте же рыноктун конъюнктурасына ылайык белгиленет.".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
