# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 -ноябрындагы №645 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 -ноябрындагы №645 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 645
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159596>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21853/edition/1205656/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159596.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 -ноябрындагы №645 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары маселелери жөнүндө" токтому (18.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159596

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 18-ноябры № 645 Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары маселелери жөнүндө Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын, коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга дем берүү, атаандаштыкка жөндөмдүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнүн заманбап технологияларын жана сапат менеджментинин методдорун киргизүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле соодада техникалык тоскоолдуктарды кыскартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3, 4 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

- 6-пунктта "экономика жана" деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары жөнүндө жобо жана Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңеш жөнүндө жобо күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 1998-жылдын 29-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" № 478 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-июнундагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары жөнүндө айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-октябрындагы № 487 "Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июнундагы № 311 "Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 516 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 198 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасында 2022-жылдын 29-ноябрында N 105 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
