# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын судьяларын кызматтык турак жай менен камсыз кылуунун же жеке турак жай курууга көмөк көрсөтүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын судьяларын кызматтык турак жай менен камсыз кылуунун же жеке турак жай курууга көмөк көрсөтүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 659
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159594>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21851/edition/1198288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159594.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын судьяларын кызматтык турак жай менен камсыз кылуунун же жеке турак жай курууга көмөк көрсөтүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159594

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 25-ноябры № 659 Кыргыз Республикасынын судьяларын кызматтык турак жай менен камсыз кылуунун же жеке турак жай курууга көмөк көрсөтүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 33-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын судьяларын кызматтык турак жай менен камсыз кылуунун же жеке турак жай курууга көмөк көрсөтүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
