Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө камсыздандыруу окуясы болгондо тикелей жөнгө салуу жобосу» жобосу
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 618 токтомуна)
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө камсыздандыруу окуясы болгондо тикелей жөнгө салуу жобосу
Бул Жобо "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыккан, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө камсыздандыруу окуясы болгондо тикелей жөнгө салууну жүзөгө ашыруунун тартибин жана шарттарын белгилейт, Кыргыз Республикасынын бардык камсыздандыруу уюмдарына жайылтылат.
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жободо Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн терминдер колдонулат.
Камсыздандыруу окуяларын жөнгө салууга байланышкан сарптоолор болуп камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу боюнча, келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча, ошондой эле камсыздандыруу учуру болгон фактыны жана жагдайларды аныктоого байланышкан кошумча экспертизалар боюнча камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынын 10%ынан ашпаган чыгымдары саналат.
2. Тикелей жөнгө салуу төмөнкү шарттар сакталган учурда жүзөгө ашырылат:
1) жабырлануучунун (пайда табуучунун) жана камсыздандыруу окуясынын болушуна күнөөлүү адамдын камсыздандыруу полисинин (жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун колдонуудагы келишими) болушу;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында анын кесепетинен мүлккө гана зыян келтирилген автотранспорт кырсыгынын болушу;
3) Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарында камсыздандырылган жана катталган, милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы бар автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги.
Эгерде жол-транспорт кырсыгы болгон учурда ушул Жобонун 2-пунктунун 1, 2, 3-пунктчаларында саналган шарттардын бирөө аткарылбаса, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча чыгымдарды тикелей жөнгө салууга жол берилбейт.
3. Чыгымдардын ордун тике толтуруу жөнүндө укукту ишке ашыруу жабырлануучунун жооптуу камсыздандыруучуга шарттарга ылайык Мыйзамдын 23-беренесинде көрсөтүлгөн талаптар коюлгандан кийин пайда болгон, мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап менен кайрылуу укугун чектебейт. Мында жабырлануучу көз карандысыз экспертизанын жыйынтыктарын берүү менен мүлккө зыян ошол жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен келтирилгендигин далилдөөгө тийиш.
2-глава. Тикелей жөнгө салууну жүзөгө ашыруунун тартиби
4. Камсыздандыруу окуясы болгондо автотранспорт каражатына же мүлккө зыян келтирилген жол-транспорт кырсыгынын жабырлануучусу (пайда табуучу) тикелей камсыздандыруучуга кайрылат. Ошол эле учурда жабырлануучу тикелей камсыздандыруучуга Мыйзамдын 23-беренесинин 2-пунктунда каралган керектүү документтер менен бирге жол-транспорт кырсыгы жөнүндө кабарлоо жөнөтөт.
5. Тике камсыздандыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 257 токтому менен бекитилген Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалымат базасын пайдалануу жана автоматташкан маалыматтык борборду түзүү, иштетүү тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте жабырлануучу деп таанылган адамдын мүлкүнө зыян келтирүүнүн натыйжасында адамдын жарандык-укуктук жоопкерчилиги пайда болгон адам жөнүндө маалыматты автоматташтырылган маалыматтык борборго киргизет, маалыматтар базасындагы маалыматтарды камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштырат. Тикелей камсыздандыруучу кабарлоону алган жана бүлүнгөн мүлккө жетүү мүмкүндүгүн берген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жабырлануучунун бүлүнгөн мүлкүн кароону жана (же) көз карандысыз экспертизаны уюштурат.
Жабырлануучу (пайда табуучу) жана тикелей камсыздандыруучу келтирилген зыяндын өлчөмү менен макул болгон учурда көз карандысыз экспертиза жүргүзүлбөшү мүмкүн.
6. Ушул Жобонун 1-главасынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл талаптардын бардыгы сакталган учурда тикелей камсыздандыруучу болгон жагдайды камсыздандыруу окуясы катары квалификациялайт, бул жөнүндө жабырлануучуга кабарлайт жана керектүү документтер берилген учурдан тартып 30 күндүн ичинде камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүгө милдеттүү.
7. Тикелей камсыздандыруучу камсыздандыруу окуясын ырастоочу документтерди жабырлануучудан (пайда табуучудан) алган күндөн тартып эки жумуш күндөн кечиктирбестен жооптуу камсыздандыруучуга камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
Камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө кабарлоо (мындан ары - кабарлоо) жооптуу камсыздандыруучуга ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук жана (же) кагаз жүзүндө эки нускада жөнөтүлөт. Ошол эле учурда кагаз жүзүндөгү кабарлоо электрондук түрдөгү кабарлоо менен дал келиши керек. Маалыматтар базасындагы жана мүлкүнө зыян келтирүүнүн кесепетинен жарандык-укуктук жоопкерчилиги пайда болгон адамдын жана жабырлануучу деп таанылган адамдын камсыздандыруу полисиндеги маалыматтарды салыштыруунун жыйынтыктары камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө кабарлоодо "Башка маалыматтар" графасында "Маалыматтар маалыматтар базасындагы маалыматтарга дал келет/дал келбейт" деген баяндоо менен көрсөтүлөт.
8. Жооптуу камсыздандыруучу кагаз жүзүндөгү кабарлоону алган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен кабарлоонун экинчи нускасын тикелей камсыздандыруучуга жооптуу камсыздандыруучу тарабынан ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык толтурулууга арналган маалыматтарды көрсөтүү менен электрондук жана/же кагаз жүзүндө жөнөтөт, ошол эле учурда зыян келтирген адамдын жооптуу камсыздандыруучусуна берилген камсыздандыруу полисинин бар экендиги/жок экендиги жөнүндө маалыматтар милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.
Камсыздандыруу окуясын жөнгө салууга байланышкан тикелей камсыздандыруучунун чыгымдарынын ордун толтуруудан баш тартуу үчүн негиздер болгон учурда жооптуу камсыздандыруучу баш тартуунун себептерин жүйөлүү негиздөө менен мындай чыгымдардын ордун толтуруудан толук же жарым-жартылай баш тартуу жөнүндө тиешелүү чечимди беш күндүк мөөнөттө жазуу жүзүндө тикелей камсыздандыруучуга жөнөтөт. Эгерде жооптуу камсыздандыруучу беш күндүк мөөнөттө кабарлоонун экинчи нускасын тикелей камсыздандыруучуга жөнөтпөсө, тикелей камсыздандыруучу көрсөткөн маалыматтар ырасталган болуп эсептелет.
9. Тикелей камсыздандыруучу жабырлануучуга (пайда табуучуга) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөн күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде жооптуу камсыздандыруучуга ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча камсыздандыруу окуясын жөнгө салуу жөнүндө билдирүү (мындан ары - билдирүү) жөнөтөт.
10. Билдирүүгө Мыйзамдын 23-беренесинин 2-пунктунда каралган документтердин жана камсыздандыруу окуясын жөнгө салуу менен байланышкан тикелей камсыздандыруучунун чыгымдарын ырастоочу документтердин түп нускалары, ошондой эле тикелей камсыздандыруучунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнү ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
11. Эгерде жооптуу камсыздандыруучу Мыйзамдын 26-беренесинде каралган негиздер боюнча камсыздандырылуучуга регресстик талаптарды коюуга укуктуу болсо, тикелей камсыздандыруучу камсыздандыруу окуясына тиешелүү документтерди ага берүүгө милдеттүү.
12. Жооптуу камсыздандыруучу эгерде камсыздандыруу уюмдарынын ортосунда башкача макулдашылбаса, документтерди алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде тикелей камсыздандыруучунун камсыздандыруу окуясын жөнгө салууга байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимине ылайык жүзөгө ашырат.
13. Камсыздандыруу окуясын жөнгө салууга байланышкан тикелей камсыздандыруучунун чыгымдарынын ордун толтуруу өз учурунда жүзөгө ашырылбаса, жооптуу камсыздандыруучу тикелей камсыздандыруучуга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 359-статьясында белгиленген тартипте жана өлчөмдө айып төлөйт.
14. Тикелей камсыздандыруучу камсыздандыруу окуясын жөнгө салууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруудан баш тарткан же болбосо толук эмес толтурган учурда тикелей камсыздандыруучу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу арбитрине же сот органдарына кайрыла алат.
3-глава. Корутунду жобо
15. Ушул Жобо менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилүүгө тийиш.
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө камсыздандыруу окуясы болгондо тикелей жөнгө салуу жобосуна 1-тиркеме
Камсыздандыруу окуясы жөнүндө билдирүү 20__-жылдын "___" _____________ № _______
1. Тикелей камсыздандыруучу тарабынан толтурулуучу маалыматтар:
- уюмдун аталышы;
- жайгашкан жери;
- телефон №;
- тикелей камсыздандыруучунун банктык реквизиттери.
2. Камсыздандырылуучу (камсыздандыруу окуясынын болушуна күнөөлүү адам) жөнүндө маалыматтар
Жеке жактар үчүн:
- аты-жөнү;
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ.
Юридикалык жактар үчүн:
- уюмдун толук аталышы, дареги жана банктык реквизиттери;
- камсыздандыруу полисинин номери, күнү, колдонуу мөөнөтү;
- автотранспорт каражаты жөнүндө маалыматтар;
- автотранспорт каражатынын маркасы, модели;
- чыгарылган жылы;
- катталган номери;
- кырсык учурунда автотранспортту башкарган адамдын аты-жөнү.
3. Камсыздандыруу окуясы тууралуу маалыматтар:
- жол-транспорт кырсыгы болгон күн жана жер;
- жол-транспорт кырсыгы жөнүндө маалымкат берилген күн;
- административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароого ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
- мүлккө келтирилген зыянды баалоо актысы.
4. Башка маалыматтар: _______________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ Камсыздандыруу окуясын кароо үчүн жоопкер адамдын аты-жөнү: _____________________________________________________________________________________ Колу _________________________ Телефон №: ________________________ Мөөрдүн орду
Жооптуу камсыздандыруучу тарабынан толтурулуучу маалыматтар: Тикелей камсыздандыруучу берген камсыздандыруу окуясынын болушуна күнөөлүү адам жөнүндө маалыматтарды ырастоо (ырасталат/ырасталбайт): _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ Камсыздандыруу окуясын кароо үчүн жооптуу адамдын аты-жөнү _____________________________________________________________________________________ Колу _________________________ Телефон №: ________________________ Мөөрдүн орду
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө камсыздандыруу окуясы болгондо тикелей жөнгө салуу жобосуна 2-тиркеме
Камсыздандыруу окуясын жөнгө салуу жөнүндө билдирүү 20___-жылдын "___" ____________ № ______
1. Тикелей камсыздандыруучу тарабынан толтурулуучу маалыматтар:
- уюмдун аталышы;
- жайгашкан жери;
- телефон №;
- тикелей камсыздандыруучунун банктык реквизиттери.
2. Камсыздандырылуучу (камсыздандыруу окуясынын болушуна күнөөлүү адам) жөнүндө маалыматтар
Жеке жактар үчүн:
- аты-жөнү;
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ
Юридикалык жактар үчүн:
- уюмдун толук аталышы, дареги;
- банктык реквизиттери;
- камсыздандыруу полисинин номери, күнү, колдонуу мөөнөтү.
3. Автотранспорт каражаты жөнүндө маалыматтар:
- автотранспорт каражатынын маркасы, модели;
- автотранспорт каражатынын чыгарылган жылы, катталган номери;
- техникалык паспортунун сериясы ___________ № __________, берилген күнү 20___-жылдын "__" _________;
- кырсык учурунда автотранспортту башкарган адамдын аты-жөнү.
4. Камсыздандыруу окуясы жөнүндө маалыматтар:
- жол-транспорт кырсыгы болгон күн жана жер;
- камсыздандыруу окуясы жөнүндө билдирүү 20__-жылдын "__" ___________ берилди;
- жол-транспорт кырсыгы жөнүндө маалымкат берилген күн;
- административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароого ыйгарым укуктуу органдын аталышы.
5. Камсыздандыруу окуясын жөнгө салууга байланышкан чыгымдар (сом менен)
_____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________
6. Баалоону жүргүзүүгө байланышкан чыгымдар
_____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________
7. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсептери
_____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________
8. Башка чыгымдар
_____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________
9. Башка маалыматтар
_____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ Ыйгарым укуктуу адамдын колу _______________________________
М.О.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябры № 618 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу…Постановление · 04.11.2022 · № 618
- Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 24.07.2015 · № 192
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майы № 257 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды…Постановление · 19.05.2020 · № 257
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15