# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борбору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борбору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 540
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159572>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21839/edition/1249843/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159572.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борбору жөнүндө" токтому (27.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159572

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 27-сентябры № 540 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борбору жөнүндө Мамлекеттик жарандык кызматчылардын, муниципалдык кызматчылардын, жеке маалыматтардын массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) кызматкерлеринин жана калктын жеке мүнөздөгү маалыматтар, санариптик гигиена, киберкоопсуздуктун негиздери жаатындагы билимдерин жогорулатуу, ошондой эле санариптик көндүмдөрүнүн деңгээлин которуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борбору (мындан ары - Окуу борбору) түзүлсүн.

2. Окуу борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Окуу борбору методикаларды жана билим берүү программаларын иштеп чыгууга, кызматкерлердин штатын түзүүгө, лицензия алууга жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды керүүгө киришсин.

6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги лицензиялоо жол-жобосун жүргүзүүдө Окуу борборуна көмөк көрсөтсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

2-тиркеме

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
