# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 628
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159569>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/159569/edition/1197794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159569.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159569

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы № 809 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 16-ноябры № 628

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жободо:

- 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 10-1, 10-2-пункттар менен толукталсын:

"10-1. РЖМКнын жыйыны РЖМКнын төрагасынын чечими боюнча видео-конференция-байланыш аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн. 10-2. Кечиктирилгис айрым маселелер боюнча же РЖМКнын жыйындарында талкуулоонун зарылдыгы жок маселелер боюнча жыйын өткөрбөстөн, РЖМКнын мүчөлөрүн жазуу жүзүндө сурамжылоо аркылуу РЖМК чечимдерди кабыл алышы мүмкүн. Жазуу жүзүндө сурамжылоо аркылуу кабыл алынган РЖМКнын чечими, эгерде РЖМКнын чечиминин долбоору РЖМКнын көпчүлүк мүчөлөрү менен макулдашылса, укуктуу болуп саналат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 25-ноябрында № 104 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
