Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 „Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2025 года № 809 "О Национальной комиссии Кыргызской Республики по радиочастотам"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-12-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы № 809 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 16-ноябры № 628
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жободо:
- 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 10-1, 10-2-пункттар менен толукталсын:
"10-1. РЖМКнын жыйыны РЖМКнын төрагасынын чечими боюнча видео-конференция-байланыш аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн. 10-2. Кечиктирилгис айрым маселелер боюнча же РЖМКнын жыйындарында талкуулоонун зарылдыгы жок маселелер боюнча жыйын өткөрбөстөн, РЖМКнын мүчөлөрүн жазуу жүзүндө сурамжылоо аркылуу РЖМК чечимдерди кабыл алышы мүмкүн. Жазуу жүзүндө сурамжылоо аркылуу кабыл алынган РЖМКнын чечими, эгерде РЖМКнын чечиминин долбоору РЖМКнын көпчүлүк мүчөлөрү менен макулдашылса, укуктуу болуп саналат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 25-ноябрында № 104 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы № 809 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиясы жөнүндө" токтомуПостановление · 13.12.2025 · № 809
- "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 токтому менен бекитилген)Положение · 13.06.2017 · № 363 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы № 809 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиясы жөнүндө" токтомуПостановление · 13.12.2025 · № 809
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча…Постановление · 13.06.2017 · № 363 · Күчүн жоготкон