# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 613 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 613 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 613
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159567>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21834/edition/1224556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159567.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 613 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (04.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159567

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 4-ноябры № 613

Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемеси бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464 "Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) өлчөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) өлчөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибинде:

- 21-пункттагы "1 жылдык" деген сөздөр "2 жылдык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 614 "Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жободо:

- 9-пункттагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

- 8-пункттагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө жободо: 12-пункттун 2-пунктчасынын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо жаатында маалыматтык фондду жүргүзүү;".

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

"Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси

Форма

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (метрологиялык кызмат органынын аталышы/ аименование органа метрологической службы) ӨЛЧӨӨ КАРАЖАТЫН ТЕКШЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ № КҮБӨЛҮК СВИДЕТЕЛЬСТВО № О ПОВЕРКЕ СРЕДСТВА ИЗМЕРЕНИЙ Срок действия до "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_ ж./г. чейин жарактуу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (өлчөө каражатынын аталышы/наименование средства измерений) Тиби/Тип \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Өлчөөнүн чектери/Пределы измерений: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Таандык/Принадлежит: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жасалган/Изготовлено: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Өлчөө каражатын текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ классы боюнча колдонууга жарактуу деп таанылат/На основании результатов поверки средство измерений признается годным к применению по классу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Эталондордун жардамы менен текшерилген:/Поверен с помощью эталонов: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (эталондордун аталышы жана тиби, разряды, каталыгы/наименование и тип, разряд, погрешность эталонов) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (текшерилген дата, күбөлүктүн №/дата поверки, № свидетельства) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Текшерүүдөгү тамга салуу оттискасынын орду/ Место оттиска доверительного клейма

Текшерүүчү/Поверитель \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу/подпись) (аты-жөнү/инициалы, фамилия)

"\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_ ж./г.". End\_nocompare
