# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 "Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 "Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 604
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159541>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21815/edition/1194689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159541.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 "Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө" токтому (04.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159541

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 4-ноябры № 604 Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында калкка кызматтарды уюштуруу жана көрсөтүү системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Социалдык талондор (ваучерлер) аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 "Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Министрликтер жана административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-октябрындагы № 99 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
