# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 588 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинген, майып болгон же каза болгон (курман болгон) учурда бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 588 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинген, майып болгон же каза болгон (курман болгон) учурда бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 588
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2022
- Редакциянын күнү: 26.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159499>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21785/edition/1192476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159499.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 588 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинген, майып болгон же каза болгон (курман болгон) учурда бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (26.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159499

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 26-октябры № 588 Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинген, майып болгон же каза болгон (курман болгон) учурда бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинген, майып болгон же каза болгон (курман болгон) учурда бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги толук көлөмдө бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөөгө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чыгымдарын каржылоону камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызмат милдетин аткарууга байланыштуу мунжу, майып же каза тапкан (өлгөн) учурда бир жолку пособиени жана компенсацияларды төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
