# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 557
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159489>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21778/edition/1267877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159489.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө" токтому (07.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159489

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-октябры № 557 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мамлекеттин саясатын ишке ашыруучу ведомстволук бөлүмүнүн ишин жакшыртуу максатында, "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы болуп кайра аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын ведомстволук мекемелеринин компетенциясына ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча алардын ишин координациялоону жүзөгө ашырат деп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

" Begin\_nocompare

4

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

662

258

анын ичинде:

борбордук аппараты

94

27

аймактык бөлүмдөрү

124

189

ведомстволук бөлүмдөрү

444

42

1) 2022-жылдын 1-октябрынан тартып

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

677

258

анын ичинде:

борбордук аппараты

104

27

аймактык бөлүмдөрү

124

189

ведомстволук бөлүмдөрү

449

42

2) 2022-жылдын 1-декабрынан тартып

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

687

258

анын ичинде:

борбордук аппараты

104

27

аймактык бөлүмдөрү

124

189

ведомстволук бөлүмдөрү

459

42

3) 2023-жылдын 1-январынан тартып

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

722

258

анын ичинде:

борбордук аппараты

104

27

аймактык бөлүмдөрү

124

189

ведомстволук бөлүмдөрү

494

42

4) 2023-жылдын 1-июлунан тартып

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

735

261

анын ичинде:

борбордук аппараты

104

27

аймактык бөлүмдөрү

124

189

ведомстволук бөлүмдөрү

507

45

End\_nocompare ".

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду түзүү жөнүндө" токтомунун 2, 5-7-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
