# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 522
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159486>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21777/edition/1249873/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159486.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому (04.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159486

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 734 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 27-сентябры № 522 Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) Контрактты банктык коштоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу банктардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.

2. Сатып алуучу уюмдар (агент, эгерде мамлекеттик сатып алууга агент контракт түзсө) мамлекеттик сатып алууга биринчи контракт түзүлгөнгө чейин Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу тартибинин 3-пунктунда аныкталган шарттарга ылайык келген ыйгарым укуктуу банктардын ар бири менен контрактты банктык коштоо жөнүндө келишим түзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2022-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтом 2022-жылдын 16-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктту кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

2-тиркеме

Контрактты банктык коштоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу банктардын ТИЗМЕГИ

1. "РСК Банк" ачык акционердик коому.

2. "Айыл Банк" ачык акционердик коому.

3. "Керемет Банк" ачык акционердик коому.
