# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 526
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159479>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21771/edition/1198118/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (27.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159479

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 27-сентябры № 526 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы жана преамбуласындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинде:

- 9-пунктунун биринчи абзацындагы "жыл сайын" деген сөздөр "Жогорку Кеңештин ишинин сессиялык мезгилине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-пунктунун алтынчы абзацындагы "ноябрынан" деген сөз "июнунан" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 12-пунктунун биринчи абзацындагы "тийиштүү мезгилге" деген сөздөр "Жогорку Кеңештин ишинин сессиялык мезгилине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 13-пунктунда:

биринчи абзацтагы "ноябрдан" деген сөз "июндан" деген сөз менен алмаштырылсын; экинчи абзацтагы "декабрдан" деген сөз "июлдан" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 17-пунктундагы "учурдагы жылга" деген сөздөр "тийиштүү мезгилге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
