Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 27-сентябры № 526 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана преамбуласындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинде:
- 9-пунктунун биринчи абзацындагы "жыл сайын" деген сөздөр "Жогорку Кеңештин ишинин сессиялык мезгилине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пунктунун алтынчы абзацындагы "ноябрынан" деген сөз "июнунан" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун биринчи абзацындагы "тийиштүү мезгилге" деген сөздөр "Жогорку Кеңештин ишинин сессиялык мезгилине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктунда:
биринчи абзацтагы "ноябрдан" деген сөз "июндан" деген сөз менен алмаштырылсын; экинчи абзацтагы "декабрдан" деген сөз "июлдан" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 17-пунктундагы "учурдагы жылга" деген сөздөр "тийиштүү мезгилге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламенти (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 токтому менен бекитилген)Регламент · 24.10.2012 · № 748
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.10.2012 · № 748
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.10.2012 · № 748
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122