# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 515 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 515 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 515
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159462>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21762/edition/1288281/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159462.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 515 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (02.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159462

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 22-сентябры № 515 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 583 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жободо:

- 7-пункттагы "Үмөталиев көч. 41" деген сөздөр "Ахунбаев көч. 119" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 583 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 19-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19. Ишкананын директорун Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
