# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 569 "Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн компенсация маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 569 "Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн компенсация маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 569
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159460>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21761/edition/1205432/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159460.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 569 "Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн компенсация маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159460

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 18-октябры № 569 Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн компенсация маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомунун редакциясына ылайык)

"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына райондук коэффициенттерди белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

- 5-пункту "Жерүй" Талас кен чыккан жер" деген сөздөрдөн кийин "2725 м белгиден жогору" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

"

51

"Жерүй" Талас кен чыккан жердин алтын кени комбинаты 1800 м белгиден 2725 м белгиге чейин

1,6

".

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
