# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы N 89 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы N 89 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 511
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159459>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21760/edition/1188555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159459.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы N 89 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (15.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159459

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 15-сентябры № 511 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттик башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү, юстиция органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору жөнүндө жободо:

- 7-пункту:

"жетүү" деген сөздөн кийин ", ошондой эле улуттук жана эл аралык юрисдикциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленүүчү же каралуучу инвестициялык, инновациялык, инфратүзүмдүк жана башка долбоорлорду юридикалык жана консультациялык коштоо" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- улуттук жана эл аралык юрисдикциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленүүчү же каралуучу инвестициялык, инновациялык, инфратүзүмдүк жана башка долбоорлорду юридикалык жана консультациялык коштоо;";

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы отуз экинчи жана отуз үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"- Министрлер Кабинети тарабынан инвестициялык, инновациялык, инфратүзүмдүк жана башка долбоорлорду текшерүүнүн жана кароонун алкагында потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүү процесстерине катышат;

- улуттук жана эл аралык юрисдикциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленүүчү же каралуучу инвестициялык, инновациялык, инфратүзүмдүк жана башка долбоорлорду иштеп чыгууга катышат;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
