Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы N 185 „Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики от 25 апреля 2026 года № 290 "Об условиях оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 9-сентябры № 497 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жана Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын артисттик персоналынын эселөө коэффициенттери ушул токтомдун 6-тиркемесинде белгиленгенден 20 пайызга жогору белгиленет;
2) С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жана Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрынын артисттик персоналынын эселөө коэффициенттери ушул токтомдун 6-тиркемесинде ылайык республикалык мааниде колдонулат.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк акыларды белгилөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункту "педагогикалык персоналга кирбеген" деген сөздөрдөн кийин ", кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинин 1-главасында:
- 9-пунктундагы "2,90" деген цифралар "3,00" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 10-пунктундагы "2,66" деген цифралар "2,90" деген цифралар менен алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү:
- автомобилдердин айдоочуларына ченемделбеген жумуш күнү үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысына кызматтык маянанын 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы белгиленет;
- кызматтык жана маданий-тиричилик жайларды тазалоочуларга, кир (атайын кийим) жуугуч машинисттерге синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегени үчүн кызматтык маянасынан 25 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк акы белгиленет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 290 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 290
- Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк акыларды белгилөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын…Положение · 30.03.2022 · № 185 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары…Постановление · 30.03.2022 · № 185 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 25.04.2026-ж., № 290 токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 290
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 290 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 290
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары…Постановление · 30.03.2022 · № 185 · Күчүн жоготкон