Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 „Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 апреля 2025 года № 227 "Об утверждении Среднесрочной тарифной политики Кыргызской Республики на электрическую энергию на 2025-2030 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 22-сентябры № 517 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
3-глава
сында "Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер" бөлүмчөсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бул аккредитацияланган мекеменин белгиленген талаптарга ылайык келерин күбөлөндүргөн күбөлүгү бар менчигинин түрүнө карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелери үчүн, ошондой эле майыптарга, улгайган жарандарга жана/же белгилүү бир жашаган жери жок жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү менчигинин түрүнө карабастан социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер үчүн, мекеменин ишинин социалдык багытталгандыгы жөнүндө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ырастамасы бар болгондо, ОМТС электр энергиясына болгон тарифтерди мурдагы жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине жыл сайын түзөтүүнү караштырат. 2021-жылы тиешелүү тариф 1 кВт саат үчүн 168 тыйынды түзөт (салыктарды эске албастан). Эскертүү: майыптар, улгайган жарандар жана/же белгилүү бир жашаган жери жок жарандар үчүн мамлекеттик эмес социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер үчүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ырастамасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан стационардык жана жарым стационардык социалдык тейлөө мекемелерин аккредитациялоонун тартиби бекитилгенден кийин токтотулат.".
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик…Постановление · 24.04.2025 · № 227
- Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №…Приложение · 30.09.2021 · № 192 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү…Постановление · 30.09.2021 · № 192 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 24.04.2025-ж. № 227 токтомуПостановление · 24.04.2025 · № 227
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик…Постановление · 24.04.2025 · № 227
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү…Постановление · 30.09.2021 · № 192 · Күчүн жоготкон