Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштери чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 1-августу № 440 Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштери чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан отчет берүүнүн жана маалыматты ачыкка чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө жободо:
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Банктык эмес финансылык рынок деп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө баалуу кагаздар рыногун; камсыздандыруу ишин; аудитордук ишти; мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишин; пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын ишин; товардык жана фондулук биржалардын ишин, биржалык сооданы; лоторея жана күрөөкана ишин; оюн-зоок ишин камтыган Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун бөлүгү түшүнүлөт.";
- 13-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- оюн-зоок бизнесинин субъекттери үчүн оюндун эрежелерине карата минималдуу талаптарды белгилейт, ошондой эле кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин макулдашат;".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (13)
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 10.12.2021 · № 300
- Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 токтомуна ылайык)Положение · 01.08.2022 · № 440
- Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 токтомуна ылайык)Положение · 01.08.2022 · № 440
- Оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан отчет берүүнүн жана маалыматты ачыкка чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Положение · 01.08.2022 · № 440
- Оптималдаштырууга, жөнөкөйлөтүүгө тийиштүү болгон уруксат берүү мүнөзүндөгү документтердин тизмеги (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 144…Приложение · 16.04.2026 · № 144
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июну № 308 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым…Постановление · 02.06.2025 · № 308
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 183 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 “ Кыргыз…Постановление · 04.04.2023 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-сентябры № 556 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Постановление · 03.09.2025 · № 556
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Постановление · 30.01.2024 · № 36
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү…Постановление · 22.08.2024 · № 491
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Положение · 15.11.2021 · № 257 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 02.06.2025 №308 токтомуПостановление · 02.06.2025 · № 308
- КР Министрлер Кабинетинин 03.09.2025-жылдын № 556 токтомуПостановление · 03.09.2025 · № 556
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы, № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана…Постановление · 10.12.2021 · № 300
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 50
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июну № 308 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым…Постановление · 02.06.2025 · № 308
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Постановление · 30.01.2024 · № 36
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.