# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 468 "Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 468 "Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 468
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21731/edition/1184738/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 468 "Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" токтому (23.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159417

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМУ 2022-жылдын 23-августу № 468 Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу жана көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын, социалдык уюмдардын ишинин ачык-айкындуулугун, ошондой эле социалдык чөйрөдөгү мекемелерде бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши тарабынан тартылган каражаттарды кабыл алуу, эсебин жүргүзүү, бөлүштүрүү, топтоо жана пайдалануу боюнча жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 2-сентябрында № 79(3414) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
