# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 469 "2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 469 "2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 469
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159411>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21726/edition/1188575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159411.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 469 "2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому (23.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159411

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 23-августу № 469 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жөнүндө "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын тиркелген концепциясы (мындан ары - Концепция) бекитилсин.

2. Министрликтер жапа ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- практикалык иште жана укук бузуулардын алдын алуу маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актыларды жана башка документтерди иштеп чыгууда Концепциянын жоболорун жетекчиликке алсын;

- Концепцияны ишке ашырууну камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын жана Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңештин жобосунун долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ишти уюштурсун.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
