Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-августу № 455
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Кут Билим" медиа борборунун" кызматкерлеринин чектүү санын жана эмгек акы төлөө шарттарын аныктоого байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Кут Билим" медиа борборунун", 18-тиркемеге ылайык.";
2) токтом ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы 18-тиркеме менен толукталсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү ведомстволук мекемелери үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык сандын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики
А.Жапаров
1-тиркеме
"18-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Кут Билим" медиа борборунун типтүү ЧЕКТЕЛГЕН ШТАТЫ
№
Кызмат орундун аталышы
Штаттык бирдиктердин саны
Административдик-башкаруучу персонал
1
Директор
1
2
Директордун орун басары
1
3
Башкы редактор
3
4
Башкы бухгалтер
1
5
Офис-менеджер
1
Жыйынтыгы:
7
Негизги персонал
1
Жооптуу катчы
1
2
Бөлүмдүн башчысы
3
3
Редактор
5
4
Атайын кабарчы
3
5
Вебредактор
4
6
Техникалык редактор
3
7
Корректор
1
8
Оператор-монтаждоочу
1
9
Терүүчү-версткалоочу
2
Жыйынтыгы:
23
Кенже тейлөөчү персонал
1
Айдоочу
1
2
Кызматтык жайларды тазалоочу
1
Жыйынтыгы:
2
Баары:
32
".
2-тиркеме
"2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
".
3-тиркеме
"7-1-тиркеме
"Кут Билим" медиа борборунун жумушчуларынын минималдуу базалык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№
Кызмат орундардын аталышы
Эселөө коэффициенттери
Административдик-башкаруучу персонал
1
Директор
4,00
2
Директордун орун басары
3,60
3
Башкы редактор
3,45
4
Башкы бухгалтер
3,40
5
Офис-менеджер
2,45
Негизги персонал
1
Жооптуу катчы
3
2
Бөлүмдүн башчысы
2,45
3
Редактор
2,30
4
Атайын кабарчы
2,30
5
Вебредактор
2,20
6
Техникалык редактор
2,20
7
Корректор
2,20
8
Оператор-монтаждоочу
2,20
9
Терүүчү-версткалоочу
2
Кенже тейлөө персонал
1
Айдоочу
1,90
2
Кызматтык жайларды тазалоочу
1
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 495
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 290 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 290
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары…Постановление · 30.03.2022 · № 185 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 72 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 02.07.2025-ж., № 391 токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391
- КР Министрлер Кабинетинин 25.04.2026-ж., № 290 токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 290
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 495
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 290 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 290
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391