# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 448 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 448 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 448
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159392>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21711/edition/1226866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159392.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 448 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (12.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159392

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 12-августу № 448 Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүүнүн механизмин өркүндөтүү максатында, "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
