# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 419 "Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан М.Ауэзов атындагы китепкана-музейдин имаратын жанаша жайгашкан жер участогу менен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 419 "Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан М.Ауэзов атындагы китепкана-музейдин имаратын жанаша жайгашкан жер участогу менен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 419
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159376>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21701/edition/1182255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159376.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 419 "Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан М.Ауэзов атындагы китепкана-музейдин имаратын жанаша жайгашкан жер участогу менен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (29.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159376

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМУ 2022-жылдын 29-июлу № 419 Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан М.Ауэзов атындагы китепкана-музейдин имаратын жанаша жайгашкан жер участогу менен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө Тарыхый-маданий мурас объектин сактоо жана натыйжалуу пайдалануу максатында, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8, 14-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр сунушталсын:

- "КыргызТелеком" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Мухтар Ауэзов көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 2-03-05-0018-1008 болгон М.Ауэзов атындагы китепкана-музейдин имаратын, ошондой эле жанаша жайгашкан курулуштарды тиешелүү материалдык-техникалык базасы менен мамлекеттик менчикке белгиленген тартипте өткөрүп берүү;

- Чолпон-Ата шаарынын мэриясына ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн имаратка жанаша жайгашкан, аянты 882,0 кв.м болгон жер участогун мамлекеттик менчикке белгиленген тартипте өткөрүп берүү.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чаралар жүзөгө ашырылгандан кийин:

- жогоруда аталган имаратты жана ага жанаша жайгашкан жер участогун белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын;

- имаратты жана ага жанаша жайгашкан жер участогун Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги белгиленген тартипте:

1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты жана ага жанаша жайгашкан жер участогун кабыл алсын;

2) имаратты жана ага жанаша жайгашкан жер участогун максаттуу пайдаланууну жана күтүүнү камсыз кылсын;

3) М.Ауэзов атындагы китепкана-музейдин кызматкерлерин иш менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;

4) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. М.Ауэзов атындагы китепкана-музейди каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине республикалык бюджетте тиешелүү финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 9-августунда № 69(3404) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
