# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 409
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21700/edition/1182247/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (02.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159375

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМУ 2022-жылдын 29-июлу № 409 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:

- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:

"5) интеллектуалдык менчик укуктарын укукка каршы аракеттерден коргоону укуктук камсыздоо.";

- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:

"6) укуктук жактан коргоо функцияларын:

- укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт;

- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жазаларды колдонот;

- укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган учурларда жазаларды колдонууга ыйгарым укуктар берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт;

- укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктар берилген туруктуу иштөөчү комиссияларды түзөт;

- Комиссия жөнүндө жобону, анын сандык жана жеке курамын бекитет.";

- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"24. Кыргызпатентте мамлекеттик жарандык кызматчылардын этикасы боюнча комиссия жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка комиссиялар иштейт.".

2. Бул токтом бекитилген штаттык сандын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылары белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 5-августунда № 68(3403) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
