# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасы жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасы жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 395
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21694/edition/1236065/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасы жөнүндө" Токтому (21.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159366

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2020-жылдын 24-июлу № 395 Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасы жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78, 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 750 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча иштерди ведомстволор аралык координациялоо тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

- Иштеп чыгууга, жүргүзүүгө, актуалдаштырууга, колдонууга жана жокко чыгарууга тийиш болгон техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтын мамлекеттик классификаторлорунун тизмеги 2-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 750 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-августундагы № 63 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

К.Боронов

2-тиркеме

Иштеп чыгууга, жүргүзүүгө, актуалдаштырууга, колдонууга жана жокко чыгарууга тийиш болгон техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтын мамлекеттик классификаторлорунун тизмеги

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 750 токтомунун редакциясына ылайык)

№

Классификатордун аталышы

Классификатордун кыскача аталышы

Классификаторду иштеп чыгуу, жүргүзүү, актуалдаштыруу жана аларды колдонуу үчүн жооптуулар

1

Ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификатору

ИУЖК

Улутстатком

2

Чарбалык субъекттердин уюштуруу-укуктук формаларынын мамлекеттик классификатору

УУФМК

Улутстатком

3

Финансылык активдердин мамлекеттик классификатору

ФАМК

Улутстатком

4

Материалдык жүгүртүү каражаттарынын мамлекеттик классификатору

МЖКМК

Улутстатком, ФМ

5

Төлөм жүгүртүүнүн мамлекеттик классификатору

ТЖМК

УБ, ФМ

6

Калк жөнүндө маалыматтын мамлекеттик классификатору

КММК

ЭСКММ

7

Кесиптердин жалпы республикалык классификатору

КЖРК

ЭСКММ

8

Негизги фонддордун мамлекеттик классификатору

НФМК

Улутстатком, Маммүлк

9

Валюталардын эл аралык классификатору

ВЭК

УБ, Кыргызстандарт

10

Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттик классификатору

ДӨМК

Кыргызстандарт, ТИМ

11

Өлчөө жана эсеп бирдиктеринин мамлекеттер аралык классификатору

ӨЭБМК

Кыргызстандарт

12

Стандарттардын мамлекеттер аралык классификатору

СМК

Кыргызстандарт

13

Продукциянын (товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) мамлекеттик статистикалык классификатору

ПМСК

Улутстатком, Кыргызстандарт, тармактык министрликтер жана ведомстволор

14

Экономиканын институттук секторлорунун мамлекеттик классификатору

ЭИСМК

Улутстатком

15

Башкаруу органдарынын мамлекеттик классификатору

БОМК

Улутстатком

16

Менчик формаларынын мамлекеттик классификатору

МФМК

Улутстатком

17

Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору

ЭИМК

Улутстатком

18

"Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык жана аймактык бирдиктеринин объекттерин белгилөө системасы" мамлекеттик классификатору

ААББС

Улутстатком, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик

19

Ишканалардын типтеринин классификатору

ИТК

Улутстатком

20

Жумушчулардын кесиптеринин, кызматчылардын кызмат орундарынын жана тарифтик разряддардын мамлекеттик классификатору

ККТРМК

ЭСКММ

21

Классификаторлор жөнүндө маалыматтын мамлекеттик классификатору

КММК

Кыргызстандарт

22

Башкаруу документтеринин мамлекеттик классификатору

БДМК

Кыргызстандарт

23

Өнөр жай менчик объекттери боюнча маалыматтын мамлекеттик классификатору

ӨМОМК

ИЖБИМ

24

Маданий баалуулуктардын мамлекеттик классификатору

МБМК

ММЖСМ

25

Пайдалуу кендердин жана жер астындагы суулардын мамлекеттик классификатору

ПК ж ЖСМК

ЖРЭТКМ, САЧКӨМ

26

Гидроэнергетикалык ресурстардын мамлекеттик классификатору

ГРМК

ЭМ

27

Билим берүү боюнча адистиктердин жана багыттардын мамлекеттик классификатору

БАМК

ИЖБИМ

28

Кирешелердин классификациясы; ведомстволук классификация; чыгашалардын экономикалык классификациясы; активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясы

Вед. класс. Эконом. класс. Опер. жана милдет. класс

ФМ

29

Эл аралык стандарттык соода классификациясы\*

ЭССК

Улутстатком

30

Туризмдеги иштин түрлөрүнүн стандарттуу эл аралык классификациясы\*

ТИСЭК

Улутстатком

31

Оорулардын жана ден соолукка байланышкан проблемалардын эл аралык статистикалык классификациясы, 10 кайра кароо

ОЭК-10

ССМ

32

Максаттар боюнча жеке керектөөнүн классификациясы\*

МЖКК

Улутстатком

33

Үй чарбаларын тейлөөчү коммерциялык эмес уюмдардын максаттарынын классификациясы\*

КУМК

Улутстатком

34

Мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларынын классификациясы\*

МБОФК

Улутстатком

35

Максаттар боюнча өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарынын классификациясы\*

МӨЧК

Улутстатком

36

Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасы Негизги экономикалык категориялар боюнча классификация\*

ЕАЭБ ТЭИТН

Улутстатком, МБК

37

Кеңири экономикалык категориялар боюнча классификация\*

КЭК

Улутстатком

(\*) - классификатор эл аралык уюм тарабынан иштелип чыгат жана жаңыланып турат. Кыскартуулардын тизмеси

ТИМ

\-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

ССМ

\-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

ММЖСМ

\-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

ИЖБИМ

\-

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

ЭСКММ

\-

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

ФМ

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

ЖРЭТКМ

\-

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

САЧКӨМ

\-

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

ЭМ

\-

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги

Кыргызстандарт

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор

Улутстатком

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

УБ

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

Маммүлк

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик

Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик

МБК

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
