# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 404 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 404 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 404
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21693/edition/1181914/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 404 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (29.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159365

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМУ 2022-жылдын 29-июлу № 404 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында, № 70, 71, 76 контурлардагы 20,78 га сугат айдоо аянтында дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында № 70, 71, 76 контурларда жайгашкан Айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлеринен 20,78 га сугат айдоо жери дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 5-августунда № 68(3403) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
