# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 393
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21689/edition/1291866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтому (14.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159361

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 22-июлу № 393 Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө Жаңы муундагы билим берүү стандарттарын киргизүү аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары - Мамлекеттик стандарт) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин;

- Мамлекеттик стандартты киргизүүнү тийиштүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
