Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики в сфере образования»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 8 мая 2024 года № 220 "О нормативных правовых актах, регулирующих деятельность системы начального профессионального образования"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-05-08.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 1-августу № 425 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Республикадагы билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде окуу жылынын узактыгынын оптималдуу мөөнөттөрүн белгилөө максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 «Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө типтүү жободо:
- 11-пунктундагы «15» деген цифралар «1» деген цифра менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 «Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:
- 3.4-пунктундагы «15» деген цифралар «1» деген цифра менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 «Жалпы билим беруу уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жободо:
- 33-пунктунун биринчи абзацындагы «15» деген цифралар «1» деген цифра менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 «Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинде: 57-пунктунун жетинчи абзацындагы «15-сентябрга» деген сөздөр «30-августка» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 79-пунктундагы «1-сентябрга» деген сөздөр «25-августка» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 110-пунктунун сегизинчи абзацындагы «15-сентябрга» деген сөздөр «30-августка» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 112-пунктундагы «10-сентябрга» деген сөздөр «25-августка» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги: -өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин; -ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майы № 220 "Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө" токтомуПостановление · 08.05.2024 · № 220
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541 "Жалпы билим берүү уюму жөнүндө" Типтүү жобоПостановление · 12.09.2011 · № 541 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген)Положение · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон
- Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 токтому менен бекитилгенПоложение · 25.04.2003 · № 245 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майы № 220 "Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө" токтомуПостановление · 08.05.2024 · № 220
- Постановление Правительства КР от 3 февраля 2004 года №53 " Об утверждении нормативных и правовых актов, регулирующих деятельность образовательных организаций высшего и среднего…Постановление · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрели № 245 "Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө Салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2003 · № 245 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541 "Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 12.09.2011 · № 541 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.