# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 380 "2020-жылдын 22-январында кол коюлган, 1999-жылдын 4-июнундагы Ойлоп табууларды укуктук коргоо тармагындагы мамлекеттер аралык жашырын сырларды өз ара сактоону камсыздоо жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 380 "2020-жылдын 22-январында кол коюлган, 1999-жылдын 4-июнундагы Ойлоп табууларды укуктук коргоо тармагындагы мамлекеттер аралык жашырын сырларды өз ара сактоону камсыздоо жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 380
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2022
- Редакциянын күнү: 12.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21680/edition/1181860/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 380 "2020-жылдын 22-январында кол коюлган, 1999-жылдын 4-июнундагы Ойлоп табууларды укуктук коргоо тармагындагы мамлекеттер аралык жашырын сырларды өз ара сактоону камсыздоо жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому (12.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159352

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 12-июлу № 380 2020-жылдын 22-январында кол коюлган, 1999-жылдын 4-июнундагы Ойлоп табууларды укуктук коргоо тармагындагы мамлекеттер аралык жашырын сырларды өз ара сактоону камсыздоо жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2020-жылдын 22-январында кол коюлган, 1999-жылдын 4-июнундагы Ойлоп табууларды укуктук коргоо тармагындагы мамлекеттер аралык жашырын сырларды өз ара сактоону камсыздоо жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жогоруда аталган Протоколду аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
