# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин акциз салыгынын маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин акциз салыгынын маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 412
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21670/edition/1189503/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин акциз салыгынын маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (29.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159341

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 29-июлу № 412 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин акциз салыгынын маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга Антикризистик чараларынын планын ишке ашыруу жана бизнести колдоо, ошондой эле калк үчүн товарларды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021- жылдын 31-декабрындагы № 359 "Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктунун биринчи абзацындагы "июнуна"' деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктунун төртүнчү абзацындагы "1-пунктунун 6-8-пунктчаларында" деген сөздөр "1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин 1 -пунктундагы "10 сом/литр" деген сөздөр; "1 сом/литр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
