# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 378
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159339>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21668/edition/1178809/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159339.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (12.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159339

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 12-июлу № 378 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасында:

- 1-пунктунда:

1-пунктчасында: бешинчи сабындагы "июнуна" деген сөз "октябрына" деген сөз менен алмаштырылсын; алтынчы сабындагы "июнуна" деген сөз "октябрына" деген сөз менен алмаштырылсын; 2-пунктчасындагы "майына" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын; 3-пунктчасында: биринчи сабындагы "майына" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын; экинчи сабындагы "майына" деген сөз "декабрына" деген сөз менен алмаштырылсын; үчүнчү сабындагы "июнуна" деген сөз "декабрына" деген сөз менен алмаштырылсын; 4-пунктчасындагы "июнуна" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 2-пунктунун 9-пунктчасындагы "июнуна" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 3-пунктунда:

10-пунктчасында: биринчи сабындагы "июнуна" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын; экинчи сабындагы "июнуна" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен, "2023-жылдын 1-январына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү сабындагы "1-июнуна" деген сөздөр "31-декабрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төртүнчү сабындагы "январына" деген сөз "августуна" деген сөз менен алмаштырылсын; бешинчи сабындагы "январына" деген сөз "июнуна" деген сөз менен алмаштырылсын; алтынчы сабындагы "сентябрына" деген сөз "ноябрына" деген сөз менен алмаштырылсын; жетинчи сабындагы "2023-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын; он төртүнчү сабындагы "майына" деген сөз "октябрына" деген сөз менен алмаштырылсын; он алтынчы сабындагы "2023-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-июнуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын; он жетинчи сабындагы "2024-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 31-июнуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын; жыйырманчы сабындагы "2024-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 30-июнуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктунун 15-пунктчасындагы "майына" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
