# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 373 "Кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жана жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 373 "Кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жана жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 373
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159317>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21657/edition/1178584/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159317.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 373 "Кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жана жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтому (12.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159317

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 12-июлу № 373 Кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жана жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

- Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелери 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
