# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 368 "2022-2023-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 368 "2022-2023-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 368
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159316>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21656/edition/1261797/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159316.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 368 "2022-2023-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (12.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159316

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 12-июлу № 368 2022-2023-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2022-2023-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алуу көлөмү тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча 2022-2023-окуу жылына кабыл алуу планын бекитсин;

2) 2022-жылдын 30-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республиканын жогорку окуу жайларында мамлекеттик заказды жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчет берсин.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тиешелүү жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде 2022-2023-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучулар үчүн каражаттарды карасын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2022-жылдын 19-июлунда www.gov.kg сайтында жарыяланган

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

2022-2023-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алуу КӨЛӨМҮ

Тармак

Код

Адистик

Гранттардын саны

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

358

560001

Дарылоо иши (адис)

230

560003

Медициналык-профилактикалык иш (адис)

58

560002

Педиатрия (адис)

50

560006

Медайым иши (адис)

20

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

100

770100

Мотоаткыч аскерлердин командалык тактикалык (бакалавр)

75

770200

Чек ара иши (бакалавр)

25

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

130

532200

Укук коргоо иши (бакалавр)

130

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

20

530800

Эл аралык мамилелер (магистр)

9

530500

Юриспруденция (магистр)

10

580200

Экономика (магистр)

1

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

206

550600

Көркөм өнөр билими (бакалавр)

6

570004

Музыка таануу (адис)

2

570006

Кинооператорлук (адис)

10

570008

Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча) (адис)

43

570009

Вокалдык искусство (вокалдык искусствонун түрлөрү боюнча) (адис)

20

570010

Дирижёрлук (аткаруучу жамааттардын түрлөрү боюнча) (адис)

5

570011

Композиция (адис)

1

570012

Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча) (адис)

7

570013

Үн режиссурасы (адис)

4

570014

Актёрдук искусство (адис)

20

570015

Режиссура (колдонуу тармактары боюнча) (адис)

20

570018

Хореография режиссурасы (адис)

2

570019

Хореография педагогикасы (адис)

4

570029

Социалдык-маданий иш (адис)

53

570002

Театр таануу

3

570005

Кино таануу

3

570027

Адабият чыгармачылыгы

3

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

4663

Кен казуу өнөр жайы

620100

Геодезия жана аралыктан изилдөө (бакалавр)

38

620100

Геодезия жана аралыктан изилдөө (магистр)

10

620001

Колдонмо геодезия (адис)

20

630001

Колдонмо геология (адис)

31

630002

Геологиялык чалгындоо технологиясы (адис)

30

630003

Кен иштери (адис)

48

630004

Кен иштериндеги же нефтигаз өндүрүшүндөгү физикалык процесстер (адис)

10

630100

Колдонмо геология (магистр)

5

630400

Нефтигаз иштери (бакалавр)

15

630400

Нефтигаз иштери (магистр)

5

650200

Металлургия (бакалавр)

15

650200

Металлургия (магистр)

5

Бардыгы:

232

Гуманитардык адистиктер

530100

Философия (бакалавр)

10

531400

Дин таануу (бакалавр)

10

531400

Дин таануу (магистр)

5

531500

Аймак таануу (бакалавр)

10

540200

Социалдык иш (бакалавр)

65

570600

Китепкана таануу жана документ жүргүзүү (бакалавр)

18

571200

Музеология жана маданий, тарыхый мурастын объекттерин коргоо (бакалавр)

10

540100

Социология (бакалавр)

25

530200

Саясат таануу (бакалавр)

25

Экспр.

Архив таануу

15

Бардыгы:

193

Саламаттык сактоо

560001

Дарылоо иши (адис)

78

560002

Педиатрия (адис)

15

560003

Медициналык-профилактикалык иш (адис)

30

Бардыгы:

123

Компьютердик технологиялар

510200

Колдонмо математика жана информатика (бакалавр)

73

510200

Колдонмо математика жана информатика (магистр)

16

590100

Маалымат коопсуздугу (бакалавр)

35

590100

Маалымат коопсуздугу (магистр)

10

710100

Информатика жана эсептөө техникасы (бакалавр)

110

710100

Информатика жана эсептөө техникасы (магистр)

5

710200

Маалыматтык тутумдар жана технологиялар (бакалавр)

85

710200

Маалыматтык системалар жана технологиялар (магистр)

8

710300

Колдонмо информатика (бакалавр)

62

710300

Колдонмо информатика (магистр)

8

710400

Программалык инженерия (бакалавр)

42

710400

Программалык инженерия (магистр)

10

710500

Интернет технологиялар жана башкаруу

10

710600

Компьютердик лингвистика (бакалавр)

25

710600

Компьютердик лингвистика (магистр)

3

Бардыгы:

502

Маданият жана искусство

570025

Графика (адис)

10

570022

Декоративдик-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк (адис)

10

570020

Дизайн (адис)

10

570024

Живопись (адис)

10

570021

Интерьерлер жана жабдуулар (адис)

10

570026

Скульптура (адис)

10

Бардыгы:

60

Билим берүү

510100

Математика (бакалавр)

15

510100

Математика (магистр)

6

510400

Физика (бакалавр)

19

510400

Физика (магистр)

5

520100

Химия (бакалавр)

15

520100

Химия (магистр)

5

520200

Биология (бакалавр)

15

520200

Биология (магистр)

10

520400

География (бакалавр)

15

520400

География (магистр)

5

530400

Тарых (бакалавр)

15

530400

Тарых (магистр)

10

531000

Филология (бакалавр)

44

531000

Филология (магистр)

7

532000

Дене тарбия (бакалавр)

202

532000

Дене тарбия (магистр)

10

550001

Кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тил (адис)

19

550100

Табигый-илимий билим берүү (бакалавр)

185

550100

Табигый-илимий билим берүү (магистр)

5

550200

Физика-математикалык билим берүү (бакалавр)

319

550200

Физика-математикалык билим берүү (магистр)

9

550300

Филологиялык билим берүү (бакалавр)

380

550300

Филологиялык билим берүү (магистр)

10

550400

Социалдык-экономикалык билим берүү (бакалавр)

123

550500

Технологиялык билим берүү

23

550600

Көркөм өнөр билими (бакалавр)

68

550700

Педагогика (бакалавр)

313

550700

Педагогика (магистр)

20

550800

Кесиптик билим берүү (бакалавр)

38

550800

Кесиптик билим берүү (магистр)

8

Бардыгы:

1918

Өнөр жай (тамак-аш, иштетүүчү, машина куруу)

570700

Костюм жана текстиль искусствосу (бакалавр)

47

580600

Логистика (бакалавр)

25

580600

Логистика (магистр)

3

650100

Материал таануу жана материалдардын технологиясы (бакалавр)

14

650300

Машина куруу (бакалавр)

18

650300

Машина куруу (магистр)

3

650400

Технологиялык машиналар жана жабдуулар (бакалавр)

12

650400

Технологиялык машиналар жана жабдуулар (магистр)

3

650500

Колдонмо механика (бакалавр)

17

650500

Колдонмо механика (магистр)

3

680100

Приборкуруу (бакалавр)

5

680200

Биотехникалык системалар жана технологиялар (бакалавр)

15

690100

Электроника жана наноэлектроника (бакалавр)

15

690100

Электроника жана наноэлектроника (магистр)

7

690600

Телематика (бакалавр)

10

700200

Техникалык системаларда башкаруу (бакалавр)

12

700200

Техникалык тутумдарда башкаруу (магистр)

3

700300

Технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу (бакалавр)

15

700300

Технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу (магистр)

3

700500

Мехатроника жана робототехника (бакалавр)

21

700500

Мехатроника жана робототехника (магистр)

3

700600

Стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология (тармактар боюнча) (бакалавр)

19

700600

Стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология (тармактар боюнча) (магистр)

3

700800

Техникалык физика (бакалавр)

15

700800

Техникалык физика (магистр)

5

720100

Химиялык технология (бакалавр)

17

720100

Химиялык технология (магистр)

5

740100

Өсүмдүктөрдөн алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (бакалавр)

15

740100

Өсүмдүктөрдөн алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (магистр)

3

740200

Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (бакалавр)

15

740200

Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (магистр)

3

740300

Продукциянын технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу (бакалавр)

19

740600

Полиграфиялык жана таңгактоо өндүрүшүнүн технологиясы (бакалавр)

14

740700

Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо (бакалавр)

26

740700

Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо (магистр)

3

760300

Техночөйрөлүк коопсуздук (бакалавр)

28

760300

Техночөйрөлүк коопсуздук (магистр)

6

Бардыгы:

450

Айыл чарба

520900

Биоэкология (бакалавр)

15

520900

Биоэкология (магистр)

5

610001

Ветеринария (адис)

96

610200

Агрономия (бакалавр)

57

610200

Агрономия (магистратура)

5

610300

Агроинженерия (бакалавр)

54

610300

Агроинженерия (магистратура)

5

610400

Зоотехния (бакалавр)

15

610400

Зоотехния (магистр)

3

610600

Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (бакалавр)

38

610600

Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (магистр)

5

620200

Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар (бакалавр)

15

620200

Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар (магистр)

5

720200

Биотехнология (бакалавр)

35

720200

Биотехнология (магистр)

10

730100

Токой иштери жана ландшафттык курулуш (бакалавр)

15

730100

Токой иштери жана ландшафттык курулуш (магистр)

5

760100

Жаратылышты көрктөндүрүү жана суу пайдалануу (бакалавр)

30

760100

Жаратылышты көрктөндүрүү жана суу пайдалануу (магистр)

10

610880

Балык чарба жана аквакультура (бакалавр)

15

Бардыгы:

438

Байланыш

690300

Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы (бакалавр)

33

690300

Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы (магистр)

5

690200

Радиотехника (бакалавр)

14

Бардыгы:

52

Курулуш

750100

Архитектура (бакалавр)

25

750100

Архитектура (магистр)

8

750200

Архитектуралык чөйрөнүн дизайны (бакалавр)

15

750300

Архитектуралык мурастарды реставрациялоо жана реконструкциялоо (бакалавр)

14

750400

Шаар курулушу (бакалавр)

20

750400

Шаар курулушу (магистр)

5

750500

Курулуш (бакалавр)

138

750500

Курулуш (магистр)

35

750002

Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди куруу (адис)

15

Бардыгы:

275

Транспорт

670100

Жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер (бакалавр)

10

670100

Жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер (магистр)

5

670200

Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо (бакалавр)

35

670200

Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо (магистр)

8

670300

Транспорттук процесстердин технологиясы (бакалавр)

50

670300

Транспорттук процесстердин технологиясы (магистр)

8

Бардыгы:

116

Туризм

600100

Сервис (бакалавр)

5

600200

Туризм (бакалавр)

29

600300

Мейманкана иши (бакалавр)

5

Бардыгы:

39

Башкаруу

580900

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (магистр)

80

Бардыгы:

80

Экология

520800

Экология жана жаратылышты колдонуу

55

Бардыгы:

55

Энергетика

640100

Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы (бакалавр)

15

640100

Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы (магистр)

3

640200

Электр энергетикасы жана электр техникасы (бакалавр)

107

640200

Электр энергетикасы жана электр техникасы (магистр)

5

Бардыгы:

130

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогорку окуу жайларына кабыл алууда жеңилдиктерден пайдаланган адамдарга берилүүчү гранттар:

2020-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган абитуриенттерди конкурстан сырткары кабыл алуу үчүн гранттардын саны

50

Жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча согуштун катышуучуларына, майыптарына, бала чагынан майыптарга теңештирилген I, II топтогу майыптардын катарындагы жарандарды; майып балдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды кабыл алуу үчүн гранттардын саны(\*)

288

2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы окуяларда, 2010-жылдагы апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары жана кайрылман статусу бар адамдар үчүн гранттардын саны

30

чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздар үчүн гранттардын саны

75

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн гранттардын саны

80

6000

Эскертүү (\*) Айылдык жаштардын катарындагы адамдар (айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 токтому менен бекитилген Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндө жобого ылайык аныкталуучу квотанын алкагында гранттык окууга кабыл алынат.
