# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 357 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 357 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 357
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159313>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21654/edition/1263131/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159313.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 357 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому (25.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159313

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 38 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 1-июлу № 357 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2020-2023-жылдарга карата стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
