# КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 24-июнундагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 24-июнундагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 331
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21649/edition/1178357/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159308.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 24-июнундагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159308

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 24-июну № 331 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жетишсиздигин болтурбоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда:

биринчи абзацындагы "1-июнуна" деген сөздөр "1-декабрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине (мындан ары - Улуттук тизме) жана/же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген коронавирус инфекциясын аныктоо жана дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесине (мындан ары - Тизме) киргизилген дары каражаттарын (ошол эле учурда алып келинген дары каражаттары өндүргөн өлкөдө же башка өлкөлөрдө катталган болушу керек) жана медициналык буюмдарды (өндүргөн өлкөдө же башка өлкөлөрдө медициналык буюмдар катары жүгүртүлүшү жөнүндө ырастамасы бар) мамлекеттик каттоосуз алып келүүгө;"; алтынчы абзацы "Тизмеге" деген сөздөн мурда "Улуттук тизмеге жана/же" деген сөздөр менен толукталсын;

- 11-пунктунда:

биринчи абзацындагы "1-июнуна чейин" деген сөздөр "1-декабрына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Тизмеге" деген сөздөн мурда "Улуттук тизмеге жана/же" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзацы "Тизмеге" деген сөздөн мурда "Улуттук тизмеге жана/же" деген сөздөр менен толукталсын, "дары каражаттарын" деген сөздөрдөн кийин "алардын сапатын баалоону жүргүзүүдө" деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пунктундагы "экономика жана" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
