# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24 июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24 июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 351
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159274>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21627/edition/1272109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159274.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24 июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159274

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 24 июну № 351 Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин кесиптик өсүшүнө дем берүү, ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 439 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган кунден тартып он кун еткенден кийин кучуне кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
