# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 337 "Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюунун тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 337 "Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюунун тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 337
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21625/edition/1174509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 337 "Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюунун тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159272

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 24-июну № 337 Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюунун тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2021-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюунун тартиби жана шарттары жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 5-июлунда № 58 жарыяланды

Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
