# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 322 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 322 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 322
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159267>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21622/edition/1201100/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159267.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 322 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому (15.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159267

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 672 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 15-июну № 322 Социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, социалдык-маданий багыттагы стратегиялык маанилүү объекттердин курулушун тездетүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Социалдык-маданий багыттагы объекттерди долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча башкы подрядчы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы үчүн жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктоого Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына ыйгарым укук берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
