# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн банктык эмес финансылык рынок маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн банктык эмес финансылык рынок маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 330
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159266>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21621/edition/1174503/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159266.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн банктык эмес финансылык рынок маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (31.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159266

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 24-июну № 330 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн банктык эмес финансылык рынок маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)

Ломбарддардын ишин өнүктүрүү максатында, "Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 "Ломбард ишинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата төмөнкүдөй талаптар белгиленсин:

1) 500000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес;

2) 2022-жылдын 1-июлунан тартып - 1000000 (бир миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;

3) 2023-жылдын 1-январынан тартып - 2000000 (эки миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;

4) 2025-жылдын 1-январынан тартып - 3000000 (үч миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө.".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
