Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Ош шаардык клиникалык ооруканасынын имараттарын жанаша жайгашкан жер участогу менен мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 10-июну № 304 Ош шаардык клиникалык ооруканасынын имараттарын жанаша жайгашкан жер участогу менен мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 114 "Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 44-статьясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 157 дарегинде жайгашкан Ош шаардык клиникалык ооруканасынын имараты аянты 2,08 га жер участогу менен мамлекеттин менчигине кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ош мамлекеттик университети:
- жогоруда аталган өткөрүлүп берилүүчү объекттерди кабыл алсын жана сакталышын камсыз кылсын;
- өткөрүлүп берилүүчү объекттерди мындан ары күтүүнү камсыз кылсын жана алардын материалдык-техникалык базасын толук жаңыртууну (өздүк жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен) жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемеси белгиленген тартипте жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин жана өткөрүлүп берилүүчү объекттерге укукту күбөлөндүрүүчү документтерди Ош мамлекеттик университетине берсин.
5. Ош шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги ПЖ № 114 "Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.04.2022 · № 114
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон