# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы N 290 "Жарандык жана кызматтык куралды коопсуз пайдалануунун эрежелерин, окутуу программасын жана текшерүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы N 290 "Жарандык жана кызматтык куралды коопсуз пайдалануунун эрежелерин, окутуу программасын жана текшерүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 290
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21613/edition/1171789/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы N 290 "Жарандык жана кызматтык куралды коопсуз пайдалануунун эрежелерин, окутуу программасын жана текшерүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159254

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 31-майы № 290 Жарандык жана кызматтык куралды коопсуз пайдалануунун эрежелерин, окутуу программасын жана текшерүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Жарандык жана кызматтык куралды коопсуз пайдалануунун эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

- Жарандык жана кызматтык куралды алууга биринчи жолу уруксат алган же эгерде спорт менен машыгуу же кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн курал алууга уруксат талап кылынган адамдарды окутуу программасы 2-тиркемеге ылайык;

- Жарандык жана кызматтык куралды коопсуз пайдалануунун эрежелерин билүүнү текшерүүнүн тартиби 3-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 14-июнундагы N 52 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
