# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы N 316 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы N 316 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 316
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21611/edition/1175946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы N 316 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (14.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159251

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 14 июну № 316 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын жеке маалыматтарын жүргүзүү, сактоо, өткөрүп берүү жана бардык башка пайдалануу эрежелерин аныктоо максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомунун 8-тиркемесинин 1-пунктунун тогузунчу абзацы;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун сексен тогузунчу-токсон бешинчи абзацтары;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 3-пунктунун 7-пунктчасы.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
